Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин УКМКнын тергөө жайына камалды

3231

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин УКМКнын тергөө жайына камалды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарганы белгилүү болду. Мурдагы парламентарий «бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деп шектелүүдө. Ошондой эле, митингге чыккан Анара Дубанбаева аттуу айым да эки айга камалганы белгиленди.

Эске салсак, абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен нааразычылык акциясы өтүп, ал күч менен таратылган. Буга митингге чогулгандардын айрымдары тартип сакчыларынын тарагыла деген талабына баш ийишпей, аларга карата таш ыргытып, массалык башаламандык баштагандары негиз болгон.

Чыккандарга карата атайын даярдыктагы күчтөр суу бүркүп, көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан. Таш ыргытуунун кесепетинен 20дан ашык милиционер жана 3 жай жаран жабыркап, ооруканага кайрылышкан. Бул боюнча «массалык башаламандык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Экс-парламентарий Каныбек Осмоналиев саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири болгон. Ал нааразычылык акциясынан кийин бийликти басып алуу аракети болбогонун, бирок провокация болгонун билдирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.