Капастагы жапайы жаныбарлар бошотулду (видео)

2147

Жарым жыл капаста жатып, жаратылышка кое берилген жапайы жаныбарлар. Бул жолу жети айлык 2 бачикей менен 10 айлык чөө Кегети капчыгайындагы жандыктардын катарын толуктады.

Адистердин айтымында, жылдан-жылга реаблитациялык борборго браконьерлерден жабыркап же ооруп түшкөн жапайы жаныбарлардын саны өсүүдө. Учурда бул жайда кароого муктаж жандыктар отузга жакын.