Капчыгын ээсине кайтарган таксистке россиялык компания жумуш сунуштады

1563

Москва шаарында таксиге унутуп кеткен капчыкты ээсине кайтарган мекендешибизге, Россиядагы бир компания ижарасыз унаа менен жумуш сунуштады.

Ошондой эле, андан бир ай бою комиссиялык төлөм алынбайт. Фирманын жетекчисинин айтымында айдоочунун кардарга капчыгын кайтарып берүү үчүн 8 саат бою күткөнү, башка кесиптештерине үлгү болду.

Москвалыктар ыраазычылыгын айтып, жакшы сөздөрүн арнап жаткан Кайрат Тентимишев Сокулук районунун Асыл-Баш айылынын тургуну болуп чыкты. Ал азыр 30 жашта. Кайрат Тентимишев Кыргызстанда бизнес ачууга көп акча жумшап, бирок банкрот болуп калып карызын төлөө үчүн былтыр Москвага иштегени кеткен.

Ал өткөн аптада Россиянын жаранынын таксиде унутуп калган сумкасын берүү үчүн кардардын үйүнүн алдында 8 саат күткөн. Буга ыраазы болгон Варя аттуу айым интернетке билдирүү калтырып, рахматын айткан.

Кайрат Тентимишев азыр Москвада жубайы менен жашайт. Келинчеги соода борборунда кассир болуп эмгектенет. Ал эми 3 кызы Сокулукта ата-энесинин колунда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.