«Кар ханышасы» спектакли — театр сахнасында (видео)

1427

«Сезам» театрынын Ганс Христиан Андерсендин «Кар ханышасы» жомогунун негизинде коюлган спектаклдин премьерасы болду. Бул спекталди сахналаштырууга кошуна өлкөнүн жана кыргыз драма театрынын артисттери катышууда.

Казакстандык режиссер Кайрат Баянов театрга болгон сүйүүнү кичине кезден баштап тарбиялоо керек деп эсептейт. Сүйүү, достук жана кереметтүү окуялар камтылган «Кар ханышасы» аттуу балдар спектакли Кыргыз драма театрынын сахнасында ушул жуманын аягына чейин көрүүчүлөргө сунушталат.