Кар менен кошо келген түйшүк (видео)

622

Бишкекте соңку 2 күндө жааган кардын кесепеттери сезилүүдө. «Тазалык» ишканасынын жетекчилиги жолдорду тазалоого 750дөй жумушчу жана 34 атайын техника тартылганын билдирди. Жолдогу тоңду эритүү үчүн кечээтен бери тонналаган кум жана туз чачылып жатыптыр.

Бирок Бишкектин тургундары жолдор тазаланбай жана кум себилбей жатканын айтып нааразы болушууда. Алардын айтымында, калаанын айрым көчөлөрүнө кум-шагыл себилген эмес. Анын кесепетинен тайгаланып кулаган адамдар жабыркап, көчөлөрдө унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдуктар жаралып жатканы айтылууда.