Кара-Балтада эне-баланы өлтүргөндөр колго түшө элек (видео)

901

Аларды издөө үчүнчү күнгө кетти. Ал ортодо, ишкер айымды жана анын уулун мыкаачылык менен өлтүрүшү мүмкүн деген беткапчан адамдын сүрөтү интернетке жарыяланды. Ал дачалардын биринин камерасына түшүп калган. Маркумдун кошуналары аял акча алмаштыруучу жайды башкаргандыктан, кол салуу акчанын айынан болушу мүмкүн дешет.

Каргашалуу окуя 19-июнда Кара-Балта шаарынын жогору жагындагы дачалардын биринде катталган. Беткапчан адамдар аялдын артына 6 жолу, ал эми уулунун көкүрөк тушуна 5 жолу бычак сайган.