Кара-Балтада газ эксплуатациялоо кеңсеси ачылды (видео)

771

Чүй областынын Кара-Балта шаарынын тургундарына эми газ үчүн акы төлөө, көгүлтүр от менен камсыздоо боюнча маселелерди чечүү оңой болуп калды. Бул шаарда газ эксплуатацияоо кызматынын кеңсеси реконструкциялоодон кийин ачылды. Бул кызматтын имаратынын курулганына 40 жылдан ашкан.

Быйыл анын имараттарынын административдик гана бөлүгү эмес, баардык бөлүктөрү реконструкцияланып, жаңы жабдуулар менен камсыздалды. Бул өндүрүштүк тилке 5 миңден ашуун тургундардын турак-жайларына көгүлтүр отун жеткирип турат. Ал эми «Чүй Газ» филиалы жалпысынан 33 миңден ашуун калкты жана 255 юридикалык жактарды тейлейт.