Кара-Балтада кылмышка шектүүнү кармоо учурунда милиционер жаракат алды

889

Ок тийип жарадар болгон милиционер Бишкекте ооруканада жатат. Чүй областтык Ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, бул кылмышка шектелген адам дагы ооруканада.

Криминалдык милиция менен атайын багыттагы милиция кызматкерлери издөөдөгү кылмышкерди кармоо үчүн Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн бирине барышканда, ал каршылык көрсөтүп, ок чыгарып «Шумкар» деп аталган атайын бөлүктүн кызматкери жаракат алган.

Кармоо операциясы учурунда кылмышка шектүү адам дагы жарадар болду. Учурда бул факт боюнча «укук коргоо органынын кызматкерине кол салуу» беренеси боюнча кылмыш иши ачылды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.