Кара-Буура районунда катуу жамгыр селге айланды (видео)

909

Талас областынын Кара-Буура районунда катуу жааган жамгырдан улам кечээ күнү кечки саат алтыларда сел жүрүп, үйлөрдүн короосун, ички чарбалык жолдорду каптады. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы менен Өзгөчө кырдаалдар министринин Талас областы боюнча башкармалыгы жеринде изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Маалыматтар боюнча, «Таза суу» долбоору боюнча таза суу өткөрүү максатында сайдын 3 жеринен траншея казылып, бирок анын үстү чала көмүлүп, бекемделбей калган. Мындан улам, ташкындаган суу каналдын үч жеринен ашып өтүп, чарбактарды каптап кеткен. Учурда Жарандык комиссия буга жол бергендерге чара көрүү үчүн күнөөлүүлөрдү тактап жатканы белгилүү болду.