Кара-Cуудагы шаар курулуш, архитектура мекемесинин жамааты иш таштайт

710

Ош областынын Кара-Cуу райондук шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыктын эмгек жамааты эртең иш таштоого чыгат. Аталган мекемеден билдиришкендей, эртен башкармалыктын 60 кызматкери нааразылык акциясына чыгат. Алар бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы Бактыбек Абдиевге да кабар беришкен.

Айтымдарында, эмгек жамаат башкармалыктын башчысы Марат Шариповдун ишмердүүлүгүнө нааразы жана анын кайрадан кызматка дайындалышына макул эмес. Буга чейин алар башкармалыктын жетекчиси Марат Шариповдун кызматкерлерге жасаган орой мамилеси жана мыйзамсыз иштери боюнча Мамлекеттик курулуш агенттигине жана райондук администрацияга эмгек жамааттын атынан арыз менен кайрылышыптыр. Анын негизинде атайын комиссия келип текшерүү жүргүзгөн.

Жыйынтыгында башкармалыктын жетекчисин кызматтан четтетүү сунушу келтирилген. Бирок дүйшөмбү күнү ээлеген кызматынан бошотулган Шариповду кайрадан мурдагы кызматына дайындоо боюнча буйрук келип түшкөн. Эмгек жамаат бул буйрук менен макул эмес.Мындан улам, архитектура боюнча башкармалыктагы жалпы 75 кызматкердин 60 эртең иш таштаганы турат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.