Кара Деңиз флотунун ансамбли Бишкекте (видео)

1769

Кыргызча обон созуп, созолонто ырдаган россиялык деңиз аскерлери. Бишкектиктерди келе жаткан Ата-Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктап, борборго Россиянын Кара деңиз флотунун ыр жана бий ансамбли келип, концерт койду.

Көрүүчүлөр согуш жылдарындагы патриоттук ырлардан тышкары, мыкты бий номерлерине да күбө болушту. Бул ансамблдин Кыргызстанда күйөрмандары арбын болгондуктан, алар жылына келип концерт коюп турушат.