Кара-Жыгач айылында 5 кишини коюп кеткен айдоочу мас болгон

910

Бишкек шаарынын четиндеги Кара-Жыгач айылында 5 кишини коюп кеткен айдоочу мас болгонун экспертиза тастыктады. Бул тууралуу милиция билдиргенин бир топ маалымат булактары жазып чыгышты. Кечээ саат 5:30дар чамасында “Тойота Камри” автомашинасынын айдоочусу көчөдө бара жаткан беш кишини коюп кеткен.

Натыйжада, 1972-жылы туулган бир аял мерт кетип, дагы төртөө Чүй областтык ооруканасына жеткирилген. Көп өтпөй, дагы бир аял менен 7 жаштагы бала ооруканадан үзүлгөн. Мас айдоочу өзү дагы дарыгерлерге жеткирилген. Учурда Кара-Жыгач айылындагы жол кырсыгын иликтөө башталып, медициналык экспертизалар дайындалган.

Белгилей кетсек, 1966-жылы туулган айдоочу авария болгон учурда өтө мас болгонун кырсык болгон жердеги күбөлөр дароо эле социалдык тармактарга жазып чыгышкан. Муну тез жардамга барган дарыгерлер да кайгуул кызматкерлерине ырастаган.