Кара-Жыгачта орнотулган электр мамылары кулап кетти (видео)

2958

Электр жарыгын тартуу үчүн орнотулган мамылар кулап, жергиликтүүлөрдүн жүрөк үшүн алды. Окуя Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач жаңы конушунда катталган. Бактыга жараша андан эч ким жабыркаган эмес. Бирок айрымдары аз жерден калышканы белгилүү болду.

Жергиликтүү тургундар мамылар терең көмүлбөй калгандыгын айтышып, окуя дагы кайталанышы мүмкүн деп тынчсызданышууда. Ал эми устундарды орноткон ишкана болсо кайра оңдоп түзөө иштерине киришишти. Себеби түбү бошоп, коркунуч жараткан электр мамылары бир топ экен.