Кара-Кече кенинде абал тынчыбай жатабы? (видео)

1348

Энергетика министрлиги газ менен иштей турган жылуулук электр борборун куруу боюнча түркиялык компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Аталган ишкана 13 айдын ичинде жумушту бүткөрүүнү убадалаган. Бирок тараптар тариф маселеси боюнча бир пикирге келе албай жатышат. Мындай маалыматты парламенттин тармактык комитетинде энергетика министри Доскул Бекмурзаев берди.

Жогорку Кеңештин депутаттары ТЭЦке көмүр ташылып жаткан Кара-Кече кениндеги азыркы абал тууралуу сурашты. Өлкөнүн башкы энергетиги ал жакка УКМКнын “Альфа” атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери жиберилгени менен чыр-чатакты толугу менен жоюу мүмкүн болбой жатканын айтты.