Кара-Кече кенинде таштар токтобой кулап жатат (видео)

7564

Нарындагы Кара-Кече кенинде таштар токтобой кулап жатат. Транспорт жана жолдор министрлиги жолду тазалоо иштери бир аптадай созулат деп болжолдошууда. Ал эми сейсмологдор тоонун урашы техногендик кырсык болушу мүмкүн дешүүдө. Алардын пикиринде, көмүр кениндеги казуу иштери жана кенге алып барган жолду салууда айрым талаптар аткарылбай, анын жыйынтыгы кырсыкка алып келген.

Ошол эле убакта тоонун урашына негизги себеп катары жамгырдын жаашы да каралып жатыптыр. “Кыргыз көмүр” ишканасы болсо жакынкы аралыкта жол ачылып, кара алтынды ташып жеткирүү өз калыбына келерин маалымдады. Муну менен мекеме өлкөдө көмүр кымбатташы мүмкүн деген имишти четке какты.