Кара-Көлдүн мэри Эркеевдин «эркелигине» укуктук баа берилеби? (видео)

1019

Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарынын мэри Ильяс Эркеевдин журналисттердин маалымат алуу укугун чектеп, сессияны токтоткон жоругу Жогорку Кеңеште каралат. Медиа-эксперттер, аткаминер «журналисттик ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамды бузганы үчүн аны жоопкерчиликке тартуу керек, дешүүдө. Эске салсак, кечээ Кара-Көл шаардык кеңешинин сессиясы болуп, аны чагылдырууга барган НТС телеканалынын кабарчысын шаар мэри Эркеев жыйындан чыгып кетүүсүн талап кылган. Жетекчи элдин көйгөйүн ачык талкуулагандын ордуна НТСтин журналистин жыйындан чыгарууну талап кылып, а түгүл бул маселени добушка да койдурткан. Шаар башчысынын мындай жоругуна таң калган жергиликтүү депутаттар сунушту колдобой коюшкан. Буга намыстанган Эркеев сессияны токтоткон.