Кара-Көлдүн тургундары бензовоздон аккан майды чакалап ташышты

682

Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарынын тургундары Бишкек-Ош жолунда оодарылып кеткен бензовоздон аккан майды чакалап ташып жатканы тартылган видео тарады.

Кечээ түштөн кийин түштүк тарапка бараткан күйүүчү май ташыган автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып кетип, андан ары оодарылып калган. Анда 37 тонна солярка болгон. Болжол менен майдын жарымы төгүлгөн.