Кара-Кулжа районунда жол кырсыгы катталып, бир адам мерт кетти

1462

Кара-Кулжа районунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды. 28-февралга караган түнү Ош областында 41 жаштагы айдоочу “Хонда Степ” үлгүсүндөгү унааны айдап баратып рулду башкара албай, автоунаасы жолду бөлүп турган бордюрду барып сүзүп, ала салып кеткен.

Ал ошол жерде жан берген. Айдоочу Чүй областынын тургуну болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.