Кара-Кулжанын тургуну балдарынын сүннөт тоюна 4 миң киши чакырды

1001

Ош областынын Кара-Кулжа районунда жергиликтүү тургун балдарынын сүннөт тоюна 4 миң киши чакырды.

Кыргызстандын көк-бөрү боюнча чемпиону Жандар Төрөев ат оюндарын өткөрүп, байгеге 5 автоунаа, 3 төө, бир карышкыр, 30 жылкы, 2 бука, 30 кой, 10 эчки жана ат жабдыктарын койгон.

Спорттук мелдештерге өлкөнүн 7 областынан тышкары, Өзбекстан, Казакстандан дагы коноктор келген. Жандар Төрөев сүннөт той өткөрүүгө 4 миллион сом сарптаганы айтылууда.