Кара PR кимдин кызыкчылыгын көздөөдө (видео)

1067

Кара пиар жана анын кесепеттери. Бүгүн жарандык активисттер шайлоо өнөктүгүндө болуп жаткан ушул олуттуу көйгөй тууралуу сөз кылышты. Алардын айтымында, айрым талапкерлерди атайылап каралаган, жалган, далилсиз маалыматтар социалдык тармактарда байма-бай жарыяланып жатат. Чектен чыккан каралоо аракеттери көбүнесе буга чейин белгисиз интернет булактарында байкалууда. Анткени үгүт иштерин чагылдыруу үчүн аккредитациядан өткөн массалык маалымат каражаттары көзөмөлдөнсө, Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан ыпылас маалыматтарды тыюу дээрлик мүмкүн эмес.