Кара-Суу: акчасын каракташ үчүн бир кишини өлтүргөн кылмыштуу топ кармалды

845

Ош областынын Кара-Суу районунда акчасын каракташ үчүн бир кишини өлтүргөн, 3 адамдан турган топ кармалды. Бул тууралуу Ош областтык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Фактынын негизинде «мыкаачылык менен киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүүдө.

Эске салсак, 25-февраль күнү Кара-Суу районунун 54 жаштагы тургуну белгисиз жарандар тарабынан катуу сабалып, өлтүрүлгөнү аныкталган. Анын үйүнөн 270 миң сом жоголгон.

Иликтөөнүн натыйжасында, кылмышка тиешеси бар деп 3 шектүү кармалган. Алар сурак учурунда маркумду каракташ үчүн өлтүрүшкөнүн мойнуна алышкан. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.