Кара-Суу: президенттикке талапкердин штабынын баннерин айрып кетишти

775

Ош областынын Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүндө жайгашкан президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабынын баннерин белгисиз бирөөлөр айрып кетишти. Бул боюнча штабдын өкүлдөрү жергиликтүү укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, аталган талапкердин штабынын баннерлерин бүлдүрүү фактысы биринчи жолу катталып жаткан жок. Буга чейин Кара-Кулжа районундагы штабда илинип турган баннерди белгисиз жарандар жулуп кетишкен. Ушундай эле окуя, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында жана Ош шаарынын Амир-Темур кичи районунда катталган.