Кара-Суудагы төрт турак үйдүн жалпы 629 чарчы метри күйүп кетти

755

Кара-Суу районундагы Жаңы-Турмуш айылында катар жайгашкан төрт турак үйдүн жалпы 629 чарчы метри күйүп кетти.

Жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жыгач устундуу темир менен жабылган чатырлар өрттөнгөн. Өрт 2,5 сааттан кийин өчүрүлдү. Өрт болжол менен электр шаймандарын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан келип чыккан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.