Кара-Суу районунда бир турак-жай, кафе жана дүкөн күйүп кетти

1426

Кечээ күнү, кечки саат тогуздарда Ош областынын Кара-Суу районундагы Фуркат айылында чыккан өрттө бир турак-жай, кафе жана дүкөн күйүп кетти. Куткаруучулар азыр кырсыктын себептерин аныктап жатышат.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, жалын электр зымдарынын кыска туташуусунан улам келип чыгышы мүмкүн. Күбөлөрдүн айтымында, кечээ күндүз электр зымдарын адистер оңдоп жатышкан.

Алгач өрт бир объектен чыгып, андан соң кийинкисине өткөн. Кырсык болгон жерден 200 метр аралыкта май куюучу жай жайгашкан. Куткаруучулар өрттү ага жеткирбей өчүрүп калууга жетишишкен.

Адистердин айтымында, Кара-Суу району боюнча эле жыл башынан бери 46 өрт кырсыгы катталган, алардын көпчүлүгү адамдардын шалаакылыгынан болсо айрым учурларда электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан чыккан.