Кара-Суу районунда мектеп окуучулар мушташып, бирөө жаракат алган

1075

Кара-Суу районунда мушташка аралашкан 31 окуучу кармалды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Ош областык Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, 22-ноябрга караган түнү топ балдар мушташып жатканы тууралуу маалымат түшүп, ал жакка тартип сакчылары барып 31 окуучуну кармаган.

Алар Кара-Суу районунун Жоош жана Сарай айыл аймактарынын 10-11-класстарынын окуучулары экендиги аныкталган. Мушташ учурунда 15 жаштагы окуучу денесинин көп жерине жаракат алган. Ал дароо Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген.

Учурда абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Ал эми, окуучулардын ата-энелерине эскертүү берилип, алар окуган мектеп кызматкерлерине карата иликтөөлөр башталды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.