Кара-Суу районунда өрт чыгып, 4 турак-жай жабыркады (видео)

683

Ош областынын Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү жаңы конушта өрт чыгып, андан 4 турак-жай жабыркады. Өрттү өчүрүүгө 7 бригада тартылып, 2 саат дегенде гана жалынды толук курчоого алууга мүмкүн болгон.

Өрт кырсыгынан жергиликтүү тургундардан эч ким жабыркаган эмес. Бирок бир куткаруучу шатыдан кулап түшүп ооруканага жеткирилген. Адистер өрттүн тездик менен тарап кетүүсүн турак-жайлардын бири-бирине өтө жакын салынганын айтышууда.