Кара-Сууда 15-жашар өспүрүмдү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

657

Ош областынын Кара-Суу районунда 15-жашар өспүрүмдү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу тартип сакчылары билдиришти. Адам өлүмүнө алып келген окуя 20-март күнү түнкү саат 10:30дар чамасында Кашкар-Кыштак айылдык аймагындагы Жаңы-Чек тилкесинде катталган.

Анда айдоочу жол жээгинде велосипед тээп бараткан 2003-жылы туулган өспүрүмдү сүзүп кетип, ага жардам көрсөтпөгөн качып кеткен. Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, 1959-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну шектүү катары кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.