Кара-Сууда бешик тойго барган 10 киши ууланып ооруканага түштү

838

Ош областынын Кара-Суу районунда бешик тойго барган он киши ууланып ооруканага түштү. Алардын төртөө үч жаштагы наристелер.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, бейтаптардын абалы орто. Дарыгерлерге кайрылгандар дагы деле болуп жатат. Ооруканада жаткандарга тамак-аштан ууланган деген диагноз коюлду. Кайсы азыктан экени анализдин жыйынтыгынан кийин так белгилүү болот.

Айрым маалыматтарга караганда, жергиликтүү тургундар өрүктөн жасалган шербеттен ууланышы мүмкүн.