Кара-Сууда болгон одоно көрүнүштөргө БШК көз жумуп жатабы? (видео)

946

Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрүнүн компетенттүүлүгүн карап чыгуу зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаттары айтышууда. Эске салсак, өткөн ишемби күнү Боршайком Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоону талкуулап, одоно мыйзам бузуулар болгон жок, деген чечим чыгарган. Комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн айтымында, кезинде буга окшогон мыйзам бузуулар үчүн айрым партиялар шайлоодон четтетилип, прокуратура кылмыш ишин козгогон учурлар болгон. Бирок Кара-Суудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголмок турсун, жооптуу адамдарга эскертүү дагы берилген жок.