Кара-Суудагы жер тилкелери жең ичинен сатылып кеткенби? (видео)

1017

Ош областынын Кара-Суу районундагы төрт айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлерине кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Папан менен Төлөйкөн айыл өкмөттөрүндө жарандарга жер берүүдө мыйзам бузулду делсе, ал эми Сарай менен Нариманда — суу чыгаруу, трансформатор орнотуу, курулуш жана оңдоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу кылмыш иштери козголгон.

Ошондой эле, Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы жасалма диплом менен иштеп жүргөндүгүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту анын дипломун жокко чыгарган. Бир райондон эле төрт айыл өкмөттөгү мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иштеринин ачылышы, кадр тандоодогу чабалдыкпы же тамырлап кеткен коррупцияга каршы күрөшпү?