Кара-Суулуктар быйыл дагы контейнерде билим алышат (видео)

584

Ош областында окуучулар үчүнчү кышта контейнерде билим алганы жатышат. Кара-Суу районундагы Садык Маматов атындагы орто мектебинин Миялы айылындагы филиалы 2 жыл мурда ачылган.

Ошондо эле, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаңы мектеп курулат деп убадалаган. Бирок ушул күнгө чейин жаны имараттан дайын жок. Ал арада ысыкта тердеп, суукта үшүгөн окуучулар темир класстарда билим алууга аргасыз.