Кара-Суунун тургуну бир тууган агасын өлтүрдү деп шектелүүдө

1150

Кара-Суу районундагы Маданият айылынын 47 жаштагы тургуну бир тууган агасын өлтүрдү деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун облусттук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-апрелге караган түнү саат 4:00 чамасында милицияга ыкчам кабар түшкөн. Ыкчам-иликтөө тобу окуя болгон жерге барганда өз үйүндө башына бир нече жолу миздүү буюм менен сокку жеп өлтүрүлгөн жаран табылган.

Кылмышка шектүү катары каза болгон адамдын бир тууган иниси кармалган. Ал агасын балта менен уруп өлтүргөнүн мойнуна алган. Анын мындай кадамга эмне себептен баргандыгы териштирилүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.