Кара түтүндөн боор менен бөйрөк оорулары көбөйдү (видео)

3651

Сапатсыз тамак-аш, химикат жер семирткич менен багылган жер жемиш жана энергетикалык суусундук. Ушулардын айынан Кыргызстанда өнөкөт ооруларына чалдыккандардын саны жыл сайын көбөйүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий маалыматында акыркы 10 айда 500 адамдан гепатит табылса, 700 бейтап бөйрөктүн өнөкөт оорусуна чалдыккан. Коомдук уюмдар көрсөткүч мындан алда канча жогору экенин айтышууда.

Гепатитке чалдыккандардын басымдуусу акыркы мүлкүнө чейин сатып чет өлкөдөн ички органдарын алмаштырып келүүдө. «Гепатитке жол жок» коомдук бирикмесинин маалыматында трансплантация болгондордун үчтөн бири гана жашап кетет. Эмне үчүн акыркы жылдары оор илдетке чалдыккандар көбөйүп жатат? Анын алдын алуу үчүн мамлекет тарабынан иштер жүргүзүлөбү?