Кара түтүндөн думуккан Бишкек (видео)

5830

Бишкекте абанын кескин булганышы адистерди түйшүккө салууда. Экологдор абал өтө оор экенин айтып коңгуроо какса, Экотехинспекциясынын кызматкерлери рейд уюштуруу менен алек. Бирок андан майнап чыгабы — айтуу кыйын.

Суук түшкөндөң тарта, үйүнө меш жагып, көмүр ордуна синтетикалык каражаттар колдонулганы абалды ого бетер курчутуп жиберди. Жылда кыш келгенде рейддердин түрү көбөйөт. Адистер коомдук унаалардан чыккан кара түтүндүн зыяндуулугун текшеришти.