Карагач сейил багы эми көңүл ачуучу жайга айланат (видео)

1173

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач сейил багын реконструкциялоо иштеринин биринчи этабы соңуна чыгып калды. Эс алуу жайдын ирригация системасы жөнгө салынып, учурда жолдоруна асфальт жана брусчатка төшөлүп жатат. Андан соң жарыктандыруу иштери башталып, аны менен бирге видео-көзөмөл орнотулат. Ал эми долбоордун экинчи жана үчүнчү бөлүгүндө жашыл зонаны чыныгы эс алуу жана көңүл ачуучу жайга айлантуу пландалган. Аны жүзөгө ашыруу үчүн учурда инвесторлор изделүүдө. Мындан тышкары, Фучик жана Жаштар паркында дагы реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.