Каракчы-милиционерлер кармалды (видео)

921

Кылмышкерлерди кармайт деген милиционерлер өздөрү каракчылык кылып, колго түшкөн факты катталды. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тастыктады. Белгилүү болгондой, азырынча аты-жөнү ачыкталбаган 3 милиционер талап-тоноо боюнча шектелип, УКМКнын тергөө абагында отурушат. Алар ишкердин үйүнө кирип, аны ур-токмокко алып, акчасын алып кетишкени белгилүү болду. Бул маалымат боюнча түшүндүрмө берүүдөн Ички иштер министрлиги азырынча карманууда. Эскерте кетсек, өткөн жылы ар кандай кылмыш иштерине тиешеси бар 74 тартип сакчысына прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, бир нече милиция кызматкери иштен айдалган.