Каракчылык: бир жумада беш адам өлдү (видео)

819

Өлкөдө адам өлүмү менен коштолгон каракчылык фактылары көбөйдү. Декабрдын аягы — январдын башында, бир жуманын ичинде эле үйгө кирген уруулардын колунан 5 адам көз жумган. Айрымдары боюнча козголгон кылмыш иштин бүгүнкүгө чейин бети ачыла элек. Ал ортодо турак-жайларга кирген каракчылардан тышкары, ордо калаанын айрым көчөлөрүндө адамдарды тоногон өзүнчө топ пайда болуптур. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирүүдө. Ал банданын туруктуу иштеген аймактары бар экен. Аталган топтун 4 мүчөсү кармалганы менен, дагы канчасы эркиндикте жүрөт — белгисиз. Кылмышка шектүү делген жарандар декабрь айында катталган 3 каракчылык фактысына тиешеси бар экенин мойнуна алууда.