Каракол: Милиция 2 жаштагы наристенин өлүмүн иликтөөдө

709

Каракол шаарында эки жаштагы наристенин өлүмү боюнча милиция иликтөө жүргүзүп жатат. Дарыгерлердин айтымында, бала пневмонияга кабылгандыктан өпкөсүнө суу толуп, ал өйдө жакка берип, кулагынын түбү көгөрүп калган. Бирок дарыгерлер азырынча бул тууралуу расмий корутунду берише элек.

Ал эми баланын ата-энеси эки жаштагы Арсландын эч кандай оорусу болбогонун, ошол күнү бала бакчага дени сак жеткирилгенин айтышууда. Алар наристе бирөөдөн сокку жеген же катуу жыгылган деп шек санап жатышат.

Мындай айыптоону бала бакчанын жетекчилиги четке какты. Ата-эне шаардык милицияга арыз жазган, азырынча кылмыш иши козголо элек. Тартип сакчылары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат.