«Каракол» сейил багында 221 гектар жер 49 жылга ижарага берилгени аныкталды

950

«Каракол» жаратылыш паркынан 221 гектар жердин ижарага берилип кетиши боюнча кылмыш иши козголду. Каракол шаардык прокуратурасы билдиргендей, Улуттук жаратылыш паркында жүргүзүлгөн текшерүүдө 221 гектар жер 144 жаранга 49 жылга берилип кеткени аныкталган. Жер алгандардын 20-сы тилкелерге мамлекеттик акт алууга да жетишишкен. Жаратылыш паркынан жерлер 2017-жылы сатыла баштап, айрым тилкелер үчүнчү жактарга өтүп кеткен.

Учурда бул боюнча ишти Финполиция дагы текшерип жатат. Каракол паркы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жайгашып, анын жалпы аянты 39 миң гектер. Жаратылыш сейил багы 1995-жылы түзүлүп, анда табигатта сейрек кездешкен уникалдуу өсүмдүктөр, кызыл китепке кирген жаныбарлар бар. Бул коруктун жеке колдорго өтүшү менен анын флора жана фаунасына олуттуу зыян келери бышык.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.