Каракөл шаардык кеңешиндеги жыйынга НТСтин кабарчылары катыштырылган жок

2535

Каракөл шаардык кеңешиндеги жыйынга НТС телеканалынын кабарчылары катыштырылган жок. НТСтин аймактык кабарчысы Гүлжан Алтымышбаеванын айтымында, депутаттар бүгүн социалдык маселелерди талкуулоо үчүн чогулушкан. Бирок айрым депутаттар НТС журналисттери сессияга катышуу маселесин добушка коюу маселесин көтөрүштү.

Көпчүлүк депутаттар каршы болбогонуна карабастан, мэр Иляс Эркеев НТСтин кабарчысын жыйындан чыгып кетишин талап кылган. Натыйжада НТСтин кабарчылары жыйындан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. «Каракөл шаарындагы жергиликтүү депутаттардын сессиясына катыштырбоо аракеттерин кысым катары баалайм жана коопсуздугубуз үчүн кооптонобуз», деп белгиледи  НТСтин кабарчысы Гүлжан Алтымышбаева.