Каракол шаарында мектеп окуучусун өлтүргөн деп шектелип 8 бала кармалды

1232

Ысык-Көл областтык милициясынан кабарлашкандай, алардын баары кылмыш кылганын моюнга алышкан. Караколдогу мал базардын жанынан 11-класстын окуучусунун сөөгү табылган. Ал киши колдуу болгону аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 16, 17, 19 жаштардагы 8 бала кармалган. Сурак учурунда алар өч алуу максатында 18 жаштагы уланды ур-токмокко алганын айтып беришкен.

Маалыматтарга караганда, 2017-жылы мектеп окуучусу шектүүлөрдүн биринин телефонун тартып алгандыктан булар өч алууну көздөп, түн ичинде баланы үйүнөн чакырып чыгып, союл менен сабашкан. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.