Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев ээлеген кызматынан бошотулду

677

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Эске салсак, буга чейин Каракол шаардык кеңешинин депутаттары шаар жетекчисине ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн.

Эл өкүлү муну мэрдин шаардын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маалыматы канааттандырарлык болбогону менен түшүндүрүшкөн. Сессияда кабыл алынган мындай чечим өкмөт башчыга жиберилгени менен, колдоо тапкан эмес.

Данияр Арпачиев отставка кете турганы тууралуу февраль айында эле жазганын билдирген.