Каракол шаарынын мэрин шайлоо 12-октябрга белгиленди

1267

Каракол шаарынын жаңы мэрин шайлоо 12-октябрда болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими чыгып, расмий сайтка жарыяланды.

Шайлоону уюштуруп, өткөрүү Каракол жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды. Азырынча калаа башчылыгына кимдер ат салышары белгисиз. Шаардык кеңештин депутаттары бул маселе эми караларын билдиришти.

Каракол шаарынын мурдагы мэри Данияр Арпачиев өзү жазган арызынын негизинде 19-сентябрда кызматтан бошотулган.