Карактоого шектелгендердин үчөө дайынсыз бойдон калууда (видео)

3139

Бишкектин четиндеги «Жер Ынтымагы» конушунда болгон карактоого шектелгендердин үчөө дайынсыз бойдон калууда. Учурда тартип сакчылары кылмышка баргандардын жашаган жерин аныктоо жана колго түшүрүү аракеттерин көрүп жатышыптыр. Ал эми кечээ бул ишке катыштыгы барлардын бири кармалган.

Маалым болгондой, 8-октябрь түнү аталган конушта жашаган тургундардын үйүнө белгисиз 4 киши кирип, үй ээлерин ур-токмокко алып, акчаларын, зер буюмдарын карактап кетишкен.