«Каралар» бир талапкердин пайдасына иштеп жатышабы? (видео)

827

Канат Исаев кармалгандан кийин тараган видео жана аудио жаздырмалар боюнча айрым адистерде шектүү суроолор пайда болду. Алардын айтымында, депутат жашыруун тасмада бийликти күч менен басып алуу же массалык башаламандык уюштуруу жөнүндө бир дагы сөз сүйлөгөн эмес. Ал эми видеого тартып жаткандардын жасалмалуулугун жана кылмыштуу чөйрөдөгүлөрдүн жүрүм — турумуна дал келбеген пикир алышууларды аныктоо үчүн психолог болуштун деле кереги жок, дешет. Мындан тышкары, дал ошол криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү жер-жерлерде коркутуп-үркүтүп, бир талапкердин пайдасы үчүн иштеп жатканы айтылууда. Бирок аларга карата эч кандай реакция болбогону таң калтырат. Шайлоо алдында уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн биринин артынан экинчиси эркиндикке чыкканы эле көп нерседен кабар берген, дешет эксперттер.