Каралбай калган мекемелерге саякат (видео)

1260

Валюта базарындагы абал коронавирустан улам алсырап жаткан экономикага дагы бир сокку ургандай болду. Кырдаалды эске алып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджеттик каражаттарды үнөмдөп колдонуу керектигин айтты. Мындайча айтканда, айрым чыгашаларды кыскартууга туура келет. Өкмөт корголгон беренелер боюнча социалдык төлөмдөр өз убагында берилет деп убадалап жатат. Ал эми шашылыш эмес долбоорлорду, иш-чараларды каржылоо токтотулушу ыктымал. Буга эмнелер кирет — азырынча айтыла элек. Бирок акыркы кырдаалдан пайдаланып, акчаны сарамжал колдонууну, ыксыз чыгымдарды, ысырапкорчулукту кыскартууну үйрөнүп алсак жакшы болчудай.

Мамлекеттик деңгээлдеги мааракелер токтотулду. Бул дагы бир топ каражатты үнөмдөп калды. Алсак, Бишкек шаарында эле 8-март менен Нооруз майрамы белгиленбегендиктен 4 миллион сомдон ашык каражат казынада калыптыр. Чындыгында эле, өлкө бюджетин колдонууда сарамжалдуулук жетпей жаткандай. Аткаминерлердин армиясын, бири-бирин кайталаган мекемелерди багууга эле казынанын бир бөлүгү сарпталат экен.

Ашыкча кызматтарды жоюп, сандан сапатка өтсөк, иш натыйжалуу болуп, акча дагы үнөмдөлмөк. Мамлекеттик мекемелерди ирилештирүү демилгеси ар бир өкмөт келген сайын эле көтөрүлөт. Бирок жыйынтыгын деле көрө элекпиз. Бул темага кайрылып жатып, кызыктуу жагдайларга күбө болдук. Эл көп билбеген мамлекеттик ишканаларды таптык. Ал жакта кызматкерлердин кылган иши дагы жок экен. Келип кетип күн өткөрүшөт.