Карамушкина партиянын чечимдерин колдобогондорду катардан чыгууга чакырды

1320

Депутат Ирина Карамушкина партиянын чечимдерин колдобогон фракция мүчөлөрүн катардан чыгууга чакырды. Анын айтымында Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен кетирүүгө эл өкүлдөрүнүн каршы чыкканы ажырым пайда болгонун даана көрсөттү. Пикир келишпестиктер эми улануунун гана үстүндө болот дейт Ирина Карамушкина.

Андыктан партиянын чечимдерине баш ийбегендер, мүчөлүктөн чыгуу тууралуу арыздарын жазышы керек экен. Бирок КСДП фракциясынын айрым депутаттары буга макул эмес. Эл өкүлү Абдувахап Нурбаевдин айтымында партия азыр тарыхый учурду башынан өткөрүп жатат. Чоң ажырым пайда болгонун эч ким жашыра албайт. Фракциянын ичинде 5-6 адам гана мурдагы президентти колдойт.

Бирок фракция партиянын саясий кеңешинин чечимин аткарууга милдеттүү эмес, бул көз карандысыз парламенттик бирикме болгондуктан, депутаттар кимди лидер кылаарын өздөрү билет, дейт Нурбаев. Анын айтымында бир дагы эл өкүлүнүн партиянын катарынан чыгуусуна негиз жок.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.