Карантин эрежелерин бузгандар жазаланат (видео)

1094

Карантинге таратылган мектеп окуучулары ар кандай жайларда кароосуз жүргөнү аныкталса, ата-энелери менен кошо тиешелүү жайдын ээлерине да чара көрүлөт. Коронавирус илдетининин алдын-алуу максатында талаптар күчөтүлгөнүно байланыштуу өкмөт эскертүү берүүдө.

Себеби калаа мэриясы Бишкектеги компьютердик клубдарга рейд жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө карантинге таратылган мектеп окуучулары бош убактыларын бул жайларда өткөрүп жатышканы белгилүү болгон. Мындай жайлар кадимки тартипте иштеп, анда мектеп окуучулары толуп алганына журналисттер күбө болду.