Карантинде жаткан аял милицияны “шишкебек алып кел” деп чыр чыгарды

1919

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин милдетине — обсервацияда жаткан жарандарга тамак-аш алып келүү кирбейт. Буга бейтап аялдын имаратты кайтарып турган тартип сакчыдан шашлык алып келүүсүн талап кылып, чыр чыгарганы себеп болду.

Бул видео интернетке жарыяланып, анда обсервацияда жаткан аял терезенин жанына туруп алып, шишкебек, котлет сыяктуу жакшы тамак таап кел деп албууттанып жатканын көрүүгө болот. Аялдын жанындагылар милиция шашлык таап келе албайт деп түшүндүрүшкөндө, ал тартип сакчылар сураган нерсени таап келип бериш үчүн турат, деп жооп кайтарып, ортодо кыскача кайым айтышуу орун алган.

Обсервацилык жайдын жанында турган милиция кызматкерлеринин негизги милдети — жарандардын коопсуздугун коргоо жана убактылуу изоляцияда кармоо эрежесин камсыздоо болуп саналарын унутпоо зарыл.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.