Карантинге байланыштуу убактылуу жабылган жайлар (видео)

3382

Коронавирустан улам кээ бир ишканалардын жана мамлекеттик мекемелердин иштөө режими өзгөртүлдү. Ошондой эле, калкты каттоого алуу кийинки айга жылдырылды.

Эгерде өлкөдө күтүүсүз жагдай жаралбаса, анда кыргызстандыктарды каттоого алуу 20-29-апрелге чейин жүргүзүү пландалып жатат. Азыркы тапта Кыргызстандагы айрым соода борборлор, спорт клубдары, музейлер, театрлар иштебей турат. Өлкөдөгү бардык бала бакчалар убактылуу жумушун токтотот.